# 164-статья. Тергөө жүргүзүлүүчү жер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 164-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-164

---

(1) Тергөө кылмыш жасалган жерде жүргүзүлөт. Кыйла тездикти, объективдүүлүктү жана толуктукту камсыз кылуу максатында тергөө кылмыш жасалган жерде, ошондой эле шектүү адам, айыпкер же күбөлөрдүн көпчүлүгү турган жер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. (2) Тергөөчү аталган иш өзүнө караштуу эместигин билген соң алгачкы кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүгө, андан кийин ишти тергөөгө караштуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго берүүгө милдеттүү. (3) Тергөө аракеттерин башка жерде жүргүзүү зарыл болгон учурда, тергөөчү аларды жеке өзү жүргүзүүгө же бул аракеттерди жүргүзүүнү ошол жердин тергөөчүсүнө же алгачкы текшерүү органына тапшырууга укуктуу. Тергөөчү айрым тергөө жана издөө аракеттерин тергөө жүргүзүлгөн жер же алар жүргүзүлгөн жер боюнча алгачкы текшерүү органына тапшырууга укуктуу. Тергөөчүнүн тапшырмасы он суткадан кечиктирилбеген мөөнөттө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-163)  
Кийинки берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-165)
