# 163-статья. Тергөөнүн караштуулугу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 ноября 2017 года № 191 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111698)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.11.2017 [Закон КР от 22 ноября 2017 года № 191 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111698); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669); 06.05.2016 [Закон КР от 6 мая 2016 года № 54 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111333); 28.05.2014 [Закон КР от 28 мая 2014 года № 80 "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205300); 15.01.2014 [Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205231); 11.01.2014 [Закон КР от 11 января 2014 года № 4 "О внесении изменения и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205224); 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203968); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 111 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203711); 27.10.2011 [Закон КР от 27 октября 2011 года № 186 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203425)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920653..920654>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 163-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-163

---

(1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 140-1-145, 146-1-149, 152-статьялары), үй-бүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-158-статьялары, 160-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 169-1, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255, 256-статьялары, 257-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-264-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), жолдо жүрүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-статьялары, 326-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 336-339-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары, 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (1-1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүш сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. (2) Коомдук коопсуздукка, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясы), жеке менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү), каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1, 322-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3) Сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статья, 326-статьясынын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү) жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-1) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө тергөөнүн караштуулугуна карабастан прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт. (4) (КР 2011-жылдын 9-августундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (5) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-182, 184, 185, 186, 188-203, 205-207, 208, 209, 210, 211, 212, 213, 215-225-статьялар жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (51) Экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291 жазык иштери боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (7) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (8) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын, жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9-1) Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (10) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), Тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171-статьянын биринчи бөлүгү 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (12) (КР 2011-жылдын 9-августундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (13) (КР 2011-жылдын 9-августундагы № 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2041 жана 2042-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2991 - 2993-статьялары) кылмыш иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (151) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет. (17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат. (18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт. (КР 2008-жылдын 2-июлундагы № 142, 2011-жылдын 9-августундагы № 152, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 186, 2012-жылдын 16-июлундагы № 111, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 24-июлундагы № 159, 2014-жылдын 11-январындагы № 4, 2014-жылдын 15-январындагы № 11, 2014-жылдын 28-майындагы № 80, 2016-жылдын 6-майындагы № 54, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-162)  
Кийинки берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-164)
