16-статья. Жарандардын мыйзам жана сот алдындагы теңчилиги
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жарандардын тегине, социалдык, мүлктүк, кызматтык абалына, расалык жана улуттук белгилерине, жынысына, билимине, тилине, динге мамилесине, көз карашына, коомдук бирикмелерге кирер-кирбесине, жашаган жерине жана башка жагдайларга карабастан сот акыйкаттыгы мыйзам жана сот алдында адамдардын теңчилигине таянуу менен ишке ашырылат. (2) Жазык куугунтугуна алууда иммунитетке ээ болгон адамдарга карата жазыктык сот ишин жүргүзүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-16" title="16-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>