# 156-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кароонун натыйжасында тергөөчү жана прокурор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 мая 2016 года № 55 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111334)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.05.2016 [Закон КР от 6 мая 2016 года № 55 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111334); 18.11.2014 [Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205376); 20.02.2014 [Закон КР от 20 февраля 2014 года № 36 "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205258); 09.08.2011 [Закон КР от 9 августа 2011 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203392); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920645..920648>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 156-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-156

---

(1) Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган ар бир учурда же кылмышты түздөн-түз тапканда тергөөчү же прокурор тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши керек. (11) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат. Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми кошумча текшерүүнү талап кылган материалдар боюнча, - он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда бул мөөнөт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча прокурор тарабынан бир айга чейин узартылышы мүмкүн:

1) узак убакытты талап кылган экспертизаны, кызматтык иликтөөнү, документтик ревизияны же башка текшерүүнү жүргүзүү дайындалган болсо;

2) алыс жерлерде жүргөн же чакыруу боюнча келүүдөн качкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн суратып алуу зарыл болгондо;

3) кошумча текшерүүсүз чечим кабыл алууга мүмкүн эмес болгон жаңы жагдайлар белгиленген болсо.

Арызды кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчү тарабынан арыздануучуга жазуу жүзүндө билдирилет. (3) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга, уюмга же кызмат адамына билдирилет. Алардын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет. (4) Эгерде алынган арызда, кабарда администрациялык же дисциплинардык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар болсо, тергөөчү, прокурор келип түшкөн арызды же кабарды администрациялык же дисциплинардык тартипте кароого жөнөтүүгө укуктуу. (5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2011-жылдын 9-августундагы № 152, 2014-жылдын 20-февралындагы № 36, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155, 2016-жылдын 6-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [155-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-155)  
Кийинки берене: [156-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-156-1)
