# 155-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана кароонун милдеттүүлүгү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 мая 2016 года № 55 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111334)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920645..920648>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 155-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-155

---

(1) Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү жана прокурор жасалган же даярдалып жаткан ар кандай кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү. Арыз берүүчүгө кылмыш жөнүндө кабыл алынган арыздын жана билдирүүнүн катталышы жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, анын катталган убактысын көрсөтүү менен документ берилет. (11) Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (2) Кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алуудан негизсиз баш тартылганда, ал ушул Кодекстин 131, 132-статьяларында белгиленген тартипте прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн. (3) Сотко келип түшкөн кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү прокурорго жиберилип, арыз берүүчүгө бул тууралу билдирилүүгө тийиш. (КР 2016-жылдын 6-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [154-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-154)  
Кийинки берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-156)
