# 152-статья. Күнөөсүн мойнуна алып арыз берүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 152-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-152

---

(1) Адамдын өзүнүн кылмышка даярдануусу, кылмыш жасоого аракет кылуусу же жасаган кылмышы жөнүндө, бул тууралу алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго белгилүү боло электе өз ыктыяры менен билдириши, күнөөсүн мойнуна алып арыз берүү деп эсептелет. (2) Күнөөсүн мойнуна алып арыз берүү жазуу жүзүндө да, ошондой эле оозеки түрдө да берилиши мүмкүн жана ал арыз берүүчү тарабынан алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө же прокурорго берилүүгө тийиш. Оозеки арыз протоколго жазылып, анда берилген арыз ар тараптан баяндалат. Протоколго күнөөсүн мойнуна алып келген адамдын жана арызды кабыл алган кызмат адамынын колу коюлат.

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-151)  
Кийинки берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-153)
