# 149-статья. Жазык иштерин бөлүп чыгуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920622..920623>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 149-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-149

---

(1) Тергөөчү, судья, сот турган жери белгисиз болгон же катуу оорулуу болгон айыпкерге, соттолуучуга карата башка жазык ишин өзүнчө ишке бөлүп чыгууга укуктуу. (2) Тергелип жаткан иш боюнча айыпкер күнөөлөнүп жаткан жосундар менен байланышпаган башка адам жасаган кылмышты тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болуп калган жазык иши өзүнчө ишке бөлүнүүгө тийиш. Мындай учурда кошумча текшерүү, ошондой эле белгилүү болуп калган кылмыш жөнүндөгү жазык ишин козгоо жана тергөө жүргүзүү үчүн зарыл материалдар жазык ишинен бөлүнүшү мүмкүн. Эгерде бир же бир нече айыпталуучулар сот арачыларынын катышуусу менен соттон баш тартса, анда бир же бир нече айыпталуучуларга карата жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш. Жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө мүмкүн болбосо жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан бүтүндөй каралат. (3) Эрезеге жеткендер менен бирге кылмыш жасоого катышкан жашы жетпегенге карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт. (4) Жазык ишинин материалдарын бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларында же көчүрмөсүндө бөлүнүп чыгылуучу материалдардын тизмеси тиркелүүгө тийиш. (5) Эгерде ишти бөлүп чыгуу тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, ишти бөлүп чыгууга жол берилет. (6) Кылмышка шериктеш адамдын табылбагандыгына байланыштуу өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жазык иши боюнча тергөөчү, сот тарабынан алгачкы текшерүү органына аны издеп табуу жөнүндө тапшырма жөнөтүлөт. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

---

Мурунку берене: [148-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-148)  
Кийинки берене: [150-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-150)
