# 148-статья. Жазык иштерин бириктирүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 148-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-148

---

(1) Бир же бир нече кылмыш жасоодо, кылмышка кошо катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн. (2) Иштерди бириктирүү иштердин бири кароосунда турган тергөөчүнүн, судьянын токтому, ошондой эле соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт. (3) Бир нече иш бириктирилген иш боюнча териштирүү ишин жүргүзүү мөөнөтү убактысы боюнча биринчи болуп козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-147)  
Кийинки берене: [149-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-149)
