148-статья. Жазык иштерин бириктирүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Бир же бир нече кылмыш жасоодо, кылмышка кошо катышууда бир нече адамды айыптоо боюнча иштер, бир адамды бир нече кылмыш жасады деп айыптоо боюнча иштер, ошондой эле мындай кылмыштарды алдын ала билип туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн. (2) Иштерди бириктирүү иштердин бири кароосунда турган тергөөчүнүн, судьянын токтому, ошондой эле соттун аныктамасы менен жүргүзүлөт. (3) Бир нече иш бириктирилген иш боюнча териштирүү ишин жүргүзүү мөөнөтү убактысы боюнча биринчи болуп козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
148-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2004 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…туруп жашырууну айыптоо боюнча иштер бир ишке бириктирилиши мүмкүн.
алынып салынды: Жекече айыптоо иштеринен башка, бир эле адам айыпкер жана жабырлануучу болуп саналган кылмыштар жөнүндөгү иштерди бириктирүүгө жол берилбейт.
(2) Иштерди бириктирүү иштердин бири кароосунда турган тергөөчүнүн, … боюнча биринчи болуп козголгон иштин күнүнөн тартып эсептелет.
кошулду: (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-148" title="148-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>