# 147-статья. Процесстик чыгымдарды өндүрүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 147-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-147

---

(1) Процесстик чыгымдар соттолгон адамдан өндүрүлөт же мамлекеттин эсебинен төлөнөт. (2) Сот ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурда тилмечке, ошондой эле жактоочуга төлөнгөн суммадан башка, процесстик чыгымдарды соттолгон адамдан өндүрүүгө укуктуу. Процесстик чыгымдар жазадан бошотулган соттолгон адамга, ошондой эле жаза дайындалбастан соттолгон адамга да жүктөлүшү мүмкүн. (3) Тилмечти ишке катыштыруу менен байланышкан процесстик чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Эгерде тилмеч өз милдетин кызматтык тапшырма тартибинде аткарса, ага эмгек акы төлөө мамлекет тарабынан тилмеч иштеген уюмга өндүрүлүп берилет. (4) Эгерде шектүү, айыпкер, соттолуучу жактоочудан баш тартуу билдирсе, бирок өтүнүчү канааттандырылбаса жана жактоочу ишке дайындоо боюнча катышса, адвокатка эмгек акы төлөө боюнча чыгымдар мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. (5) Ушул Кодекстин 28-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1- жана 2-пункттарына жана 225-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 316-статьясына ылайык айыпкер, соттолуучу акталып же иш кыскартылган учурда процесстик чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Эгерде айыпкер, соттолуучу жарым-жартылай гана акталса, анда сот аны ал күнөөлүү деп табылган айыптоо менен байланышкан процесстик чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирет. (6) Процесстик чыгымдарды төлөөгө тийиш болгон адамдын ага мүлк жагынан мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, мындай чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнөт. (7) Иш боюнча бир нече айыпкер, соттолуучу күнөөлүү деп табылганда, сот алардын ар кимисинен канча өлчөмдө процесстик чыгымдар кармалууга тийиш экендигин аныктайт. Бул жерде сот кылмыш үчүн ар кимдин күнөөсүнүн мүнөзүн, жоопкерчилик даражасын жана соттолгондордун мүлктүк абалын эске алат. (8) Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндөгү иштер боюнча сот процесстик чыгымдарды жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга жүктөшү мүмкүн. (9) Соттолуучу жекече айыптоо иши боюнча акталган учурда сот процесстик чыгымдарды даттануусу боюнча иш башталган адамдан толук же жарым-жартылай өндүрүп берүүгө укуктуу. Тараптар жарашкандыктан кыскартылган иш боюнча процессуалдык чыгымдар бир же эки тараптан тең өндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [146-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-146)  
Кийинки берене: [148-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-148)
