# 146-статья. Процесстик чыгымдар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 146-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-146

---

(1) Процесстик чыгымдар:

1) күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө, эксперттерге, адистерге, тилмечтерге, алардын процесстик аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендеги, турак-жайды жалдоого, ошондой эле суткасына төлөнүүчү чыгымдарды жабууга төлөнгөн суммадан;

2) туруктуу алган айлыгы жок күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн төлөнүп берилүүчү суммадан;

3) иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө аларды тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн кызмат акыларынын ордун толтурууда төлөнгөн суммадан;

4) эксперттерге, тилмечтерге, адистерге тергөөдө же сотто өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөнүп берилген каражаттардан, буга мындай милдеттер кызматтык тапшырма тартибинде аткарылган учурлар кошулбайт;

5) шектүү, айыпкер, соттолуучу жактоочунун көрсөткөн юридикалык жардамы үчүн акы төлөөдөн бошотулган же адвокат тергөөдө же сотто келишим түзбөстөн дайындоо боюнча катышкан учурда ага төлөнүп берилген суммадан;

6) буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө чыгымдалган суммадан;

7) тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпкерди, соттолуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммадан;

8) эксперт мекемелеринде экспертиза өткөрүүгө жумшалган суммадан;

9) жазык ишин жүргүзүүдө кеткен башка чыгымдардан куралат.

(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-5, 8-пункттарында көрсөтүлгөн сумма тергөөчүнүн, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча төлөнөт.

---

Мурунку берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-145)  
Кийинки берене: [147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-147)
