144-статья. Мөөнөттөрдү эсептөө
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214
(1) Процесстик мөөнөттөр саат, сутка (күн), ай жана жылдар менен эсептелет. (2) Мөөнөттү эсептөө төмөндөгү эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт:
1) бир күн мөөнөттү эсептөөдө жыйырма төрт саат деп эсептелет. Мөөнөттү суткалар менен эсептөөдө ал кийинки суткалардын жыйырма төрт саатында бүтөт;
2) мөөнөттү эсептөөдө мөөнөт башталган күн эсепке алынбайт;
3) ай менен жыл календар боюнча эсептелет; мөөнөттү ай жана жылдар менен эсептөөдө ал акыркы айдын, жылдын тийиштүү күнүндө бүтөт. Эгерде айлар боюнча эсептелген мөөнөттүн акыры ошол сыяктуу күнү болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт;
4) эгерде мөөнөттүн акыры жумушчу эмес күнгө туура келсе, кармоодо, камакка, үй камагында алууда жана медициналык мекемеде болгон мөөнөттөрүн эсептегенден башка учурларда анда дем алыш же майрам күндөрүнөн кийинки биринчи иш күнү мөөнөттүн акыркы күнү деп эсептелет;
5) кармаган учурда анын мөөнөтү бул чараны иш жүзүндө колдонгон учурдан (сааттан) тартып эсептелет.
(3) Эгерде даттануу, өтүнүч же башка документ мөөнөтү бүткөнгө чейин почтага тапшырылса, аларды кабыл алууга тийиш болгон адамга берилсе же билдирилсе, ал эми камакта же медициналык мекемеде жаткандар үчүн даттануу же башка документ камакта кармоочу жердин же медициналык мекеменин администрациясына мөөнөтү бүткөнгө чейин тапшырылса, анда мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт. (КР 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
144-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 ноября 2011 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.11.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эгерде мөөнөттүн акыры жумушчу эмес күнгө туура келсе, кармоодо, алынып салынды: камакка кошулду: камакка, үй камагында алууда жана медициналык мекемеде болгон мөөнөттөрүн эсептегенден … бүткөнгө чейин тапшырылса, анда мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.
кошулду: (КР 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-144" title="144-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>