# 141-статья. Жарандык доо боюнча чечим кабыл алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 141-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-141

---

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө айыптоо өкүмүн же аныктамасын чыгарган учурда сот жарандык доону толук же жарым-жартылай канааттандырат же аны канааттандыруудан баш тартат. (2) Доо толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда сот өкүмдө жарандык доого тиешелүү бөлүгүн ыктыярдуу аткартуу үчүн мөөнөтүн белгилейт жана көрсөтөт. Мажбурлап аткартуу аракети жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (3) Жазык ишин териштирүүнү жарандык доо боюнча кеңири эсеп-кысап жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, сот доону канааттандыруу тууралу жарандык доогердин укугун туура таап жана анын өлчөмү жөнүндөгү маселени жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде чечүүгө бере алат. (4) Актоо өкүмүн чыгарууда, ошого тете эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча ишти токтотуу жөнүндө аныктама же токтом чыгарууда сот:

1) эгерде соттолуучунун жасаган кылмыш окуясы же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде тыюу салынган жосуну аныкталбаса же кылмыш жасагандыгы же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде тыюу салынган жосун жасалгандыгы үчүн анын же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндөгү маселе чечилип жаткан адамдын катышуусу далилденбесе, жарандык доону канааттандыруудан баш тартат;

2) айыпкер, соттолуучу өзү жасаган жосундун мүнөзү боюнча жана өзүнүн ал-абалы боюнча коом үчүн коркунуч келтирбеген жана мажбурлап дарылоого муктаж болбогон адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн негиз болбогондуктан акталган учурда доону кароосуз калтырат.

(5) Ушул Кодекстин 28, 29-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш токтотулган учурда, сот жарандык доону кароосуз калтырат. (6) Эгерде ушул Кодекстин 28-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган негиздер боюнча жазык иши сотко чейинки териштирүү стадиясында токтотулса, жаран же юридикалык жак же алардын өкүлдөрү жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде доо коюуга укуктуу.

---

Мурунку берене: [140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-140)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-142)
