# 140-статья. Жарандык доодон баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 140-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-140

---

(1) Жаран же юридикалык жак өзү койгон жарандык доодон баш тартууга укуктуу. (2) Доодон баш тартуу жөнүндө доогердин билдирүүсү тергөө аракеттеринин же сот заседаниесинин протоколуна жазылат. Эгерде доодон баш тартуу жазуу жүзүндөгү арыз менен билдирилсе, анда ал ишке тиркелет. (3) Доодон баш тартуу тергөөчү тарабынан жазык иши боюнча тергөөнүн ар кандай учурунда кабыл алынат. Доодон баш тартуу соттук териштирүүнүн ар кандай учурунда аныктама, токтом чыгаруу менен, бирок өкүм чыгаруу үчүн сот кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткенге чейин сот тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. (4) Доодон баш тартуу чечимин кабыл алуу ал боюнча сот ишинин кыскартылышына алып келет. (5) Доодон баш тартуу чечимин кабыл алганга чейин тергөөчү, сот доогерге ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө белгиленген баш тартуунун кесепетин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. (6) Тергөөчү же сот эгерде мындай аракеттер мыйзамга карама-каршы келсе же кимдир-бирөөнүн укугун жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузса, доогердин доодон баш тартуусун кабыл албайт, бул туурасында жүйөлөштүрүлгөн токтом же аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-139)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-141)
