140-статья. Жарандык доодон баш тартуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жаран же юридикалык жак өзү койгон жарандык доодон баш тартууга укуктуу. (2) Доодон баш тартуу жөнүндө доогердин билдирүүсү тергөө аракеттеринин же сот заседаниесинин протоколуна жазылат. Эгерде доодон баш тартуу жазуу жүзүндөгү арыз менен билдирилсе, анда ал ишке тиркелет. (3) Доодон баш тартуу тергөөчү тарабынан жазык иши боюнча тергөөнүн ар кандай учурунда кабыл алынат. Доодон баш тартуу соттук териштирүүнүн ар кандай учурунда аныктама, токтом чыгаруу менен, бирок өкүм чыгаруу үчүн сот кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткенге чейин сот тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. (4) Доодон баш тартуу чечимин кабыл алуу ал боюнча сот ишинин кыскартылышына алып келет. (5) Доодон баш тартуу чечимин кабыл алганга чейин тергөөчү, сот доогерге ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө белгиленген баш тартуунун кесепетин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. (6) Тергөөчү же сот эгерде мындай аракеттер мыйзамга карама-каршы келсе же кимдир-бирөөнүн укугун жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузса, доогердин доодон баш тартуусун кабыл албайт, бул туурасында жүйөлөштүрүлгөн токтом же аныктама чыгарат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
140-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-140" title="140-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>