# 134-статья. Жазык процессинде каралуучу жарандык доолор

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 134-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-134

---

(1) Жазык процессинде кылмыш же акыл-эси соо эмес адамдын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде тыюу салынган жосундары менен келтирилген зыянды өндүрүп берүү туурасында жарандардын жана юридикалык жактардын жарандык доолору каралат. (2) Жазык ишиндеги жарандык доо, анын ичинде жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде кароо үчүн бөлүнгөн жарандык доо мамлекеттик алымдан бошотулат. (3) Жазык ишинен келип чыккан жарандык доонун кайсы сот тарабынан карала тургандыгы, доо коюлган жазык ишинин кайсы сот тарабынан карала тургандыгына жараша аныкталат. (4) Жазык иши боюнча коюлган жарандык доону далилдеп берүү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-133)  
Кийинки берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-135)
