# 131-статья. Тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттануулар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920597..920598>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 131-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-131

---

(1) Тергөөчүнүн, прокурордун жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралу, жазык ишин кыскартуу жөнүндө токтому, ошого тете алардын жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүүгө жөндөмдүү же жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн кыйындатуучу чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиктери) териштирүү өндүрүшүнүн жери боюнча сотко даттанылышы мүмкүн. (2) Даттануу сотко арыздануучу, анын жактоочусу, мыйзамдуу өкүлү же өкүлү тарабынан түздөн-түз, болбосо тергөөчү же прокурор аркылуу берилиши мүмкүн. (3) Судья тергөөчүнүн, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү даттануу түшкөн күндөн тартып беш суткадан кечиктирбестен сот заседаниесинде арыздануучунун жана анын жактоочусунун, эгер алар жазык ишине катышып жатышса, мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлүнүн жана даттанылып жаткан аракеттерде (аракетсиздиктерде) же чечимдерде кызыкчылыктарына түздөн-түз доо кетип жаткан жана башка адамдардын, ошондой эле прокурордун катышуусу менен текшерилет. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарландырылган жана алардын катышуусу менен каралуусун талап кылышпаган адамдардын келбей калуусу соттун даттанууну кароосу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. (4) Соттук заседаниенин башталышында судья кандай даттануу карала тургандыгын жарыялайт, сот заседаниесине келген адамдарга өзүн тааныштырат, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин арыздануучу, эгер ал сот заседаниесине катышып жатса, даттануусун негиздейт, андан кийин сот заседаниесине келген башка адамдар угулат. Арыздануучуга реплика берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. (5) Даттанууну териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:

1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздиктерин) же чечимдерин мыйзамсыз же негизсиз деп табуу жөнүндө жана анын жол берилген бузууларды четтетүү милдети жөнүндө;

2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу тууралу.

(6) Судьянын токтомунун көчүрмөсү арыздануучуга жана прокурорго жөнөтүлөт. (7) Даттанууну алып келүү, эгерде аны тергөөчү, прокурор же судья керек деп таппаса, даттанылган аракеттердин өндүрүшүн жана даттанылган чечимдердин аткарылышын токтотпойт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-январындагы N 4-р чечими

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2017-жылдын 10-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-130)  
Кийинки берене: [132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-132)
