# 130-статья. Даттанууларды кароонун жалпы тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 130-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-130

---

(1) Аракети даттанылып жаткан прокурорго же судьяга, ошого тете даттанылып жаткан чечимди бекиткен кызмат адамына даттанууну кароону тапшырууга тыюу салынат. (2) Даттанууну карап жатып, прокурор же судья анда баяндалган тыянактарды ар тараптан текшерүүгө, зарыл учурда даттанылып жаткан аракетке жана чечимге тиешелүү кошумча материалдарды талап кылууга милдеттүү. (3) Даттанууну карап жаткан прокурор же судья өз ыйгарым укуктарынын чегинде жазык процессинин катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушун калыбына келтирүүгө карата токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү. (4) Эгерде даттанылып жаткан мыйзамга каршы аракеттер же чечимдер менен жаранга моралдык жагынан, дене боюна же мүлк жагынан зыян келтирилсе, анда ага зыяндын ордун толтуруунун же четтетүүнүн укугу жана бул укукту жүзөгө ашыруунун тартиби түшүндүрүлүп берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-129)  
Кийинки берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-131)
