130-статья. Даттанууларды кароонун жалпы тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Аракети даттанылып жаткан прокурорго же судьяга, ошого тете даттанылып жаткан чечимди бекиткен кызмат адамына даттанууну кароону тапшырууга тыюу салынат. (2) Даттанууну карап жатып, прокурор же судья анда баяндалган тыянактарды ар тараптан текшерүүгө, зарыл учурда даттанылып жаткан аракетке жана чечимге тиешелүү кошумча материалдарды талап кылууга милдеттүү. (3) Даттанууну карап жаткан прокурор же судья өз ыйгарым укуктарынын чегинде жазык процессинин катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын бузулушун калыбына келтирүүгө карата токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү. (4) Эгерде даттанылып жаткан мыйзамга каршы аракеттер же чечимдер менен жаранга моралдык жагынан, дене боюна же мүлк жагынан зыян келтирилсе, анда ага зыяндын ордун толтуруунун же четтетүүнүн укугу жана бул укукту жүзөгө ашыруунун тартиби түшүндүрүлүп берилүүгө тийиш.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
130-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-130" title="130-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>