# 13-статья. Турак жайдын колтийгистиги, адамдын өмүрүн коргоо, кат алышуунун,телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920599..920600>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 13-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-13

---

(1) Жарандарга турак жайынын колтийгистиги кепилденет. Ушул Кодексте каралган учурлардан жана тартиптен тышкары эч ким турак жайга анда жашаган адамдардын эркине каршы кире албайт. (2) Жарандын абийири жана ар-намысын сактоо мыйзамдын коргоосунда турат. Кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын жашырынуудулугу мыйзам менен корголот. Ал укукка чек коюуга прокурордун санкциясы менен гана жол берилет. (3) Байланыш мекемелеринде почта жана телеграфтык жөнөтүүлөрдү тинтүү, алып коюу, арест коюу, телефон жана башка сүйлөшүү жабдуулары боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө контролдук кылуу жана жазып алуу ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана жүргүзүлүшү мүмкүн. (КР 2008-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-14)
