# 128-статья. Кармалган же камакка алынган адамдардын даттануусун жөнөтүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 128-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-128

---

(1) Камакка алган жердин администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адамдардын же камакта жаткандардын даттанууларын тиешелүү тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү. (2) Алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракетине, тергөөчүнүн аракетине же чечимине кармалгандардын же камакта жаткандардын даттанууларын, камакка алган жердин администрациясы иш боюнча тергөөгө көзөмөл кылган прокурорго, же сотко ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттанууларды - жогору турган прокурорго дароо берүүгө милдеттүү. Башка даттануулар түшкөн учурдан тартып бир суткадан кечиктирилбестен камакка алган жердин администрациясы тарабынан иш кароосунда турган адамга же органга берилет.

---

Мурунку берене: [127-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-127)  
Кийинки берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-129)
