# 121-статья. Акчалай өндүрүп алуунун жана күрөөнү мамлекеттин пайдасына чегерүүнүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920597..920598>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 121-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-121

---

(1) Ушул Кодекстин 120-статьясында көрсөтүлгөн учурлардагы акчалай өндүрүп алуулар сот тарабынан салынат. (2) Эгерде сот жыйынынын жүрүшүндө тийиштүү бузууларга жол берилсе, анда өндүрүп алуулар сот заседаниесинде бул бузуулар белгиленген сот тарабынан салынат, ал тууралу соттун аныктамасына же токтомуна киргизилет. (3) Эгерде бузууларга сотко чейинки өндүрүш жүрүшүндө жол берилсе, анда тергөөчү же прокурор бузуулар жөнүндө протокол түзөт, ал райондук сотко жөнөтүлөт жана анын сотко түшкөн учурунан тартып беш сутканын ичинде судья тарабынан каралууга жатат. Сот заседаниесине акчалай өндүрүп алуу салынышы мүмкүн болгон адам жана протоколду түзгөн адам чакырылат. Бузуучунун жүйөөлүү себептерсиз келбей коюшу протоколду кароого тоскоол болбойт. (4) Протоколду кароонун жыйынтыктары боюнча судья акчалай өндүрүп алууну салуу же аны салуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомдун көчүрмөсү протоколду түзгөн адамга жана акчалай өндүрүп алуу салынган адамга жөнөтүлөт. (5) Акчалай өндүрүп алууну салууда сот токтомдун аткарылышын кийинкиге калтырууга же үч айлык мөөнөткө чейин узартууга укуктуу. (6) Күрөөнү мамлекеттин пайдасына чегерүү тууралу маселе ушул Кодекстин 109-статьясынын алтынчы бөлүгүндө каралган учурларда ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө белгиленген тартипте чечилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-120)  
Кийинки берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-122)
