# 12-статья. Жазык иштери боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 12-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-12

---

(1) Сот, судья, прокурор, тергөөчү жазык процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүп берүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга карата өз учурунда чара көрүүгө милдеттүү. (2) Эч ким өзүнө, өз жубайына жана чөйрөсү ушул Кодексте аныкталган жакын туугандарына каршы күбө өтүүгө милдеттүү эмес. (3) Жазык иштери боюнча сот ишин жүргүзүүдө жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуунун натыйжасында ага келтирилген зыяндын орду мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте орду толтурулууга тийиш. (4) Жабырлануучуга, күбөгө же ишке катышкан башка адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө же жакын туугандарына зомбулук колдонуу, мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу коркунучу келтирилгендиги же башка коркунучтуу, мыйзамга каршы аракеттерге дуушар кылынгандыгы тууралу жетиштүү маалыматтар болгондо, сот, прокурор, тергөөчү, алдын-ала текшерүү органы өз кызмат укуктарынын чегинде андай адамдардын өмүрүн, ден-соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн коргоого карата мыйзамда каралган чараларды көрүүгө милдеттүү. (5) өзүнүн кылмыш жасагандыгын моюнга алышынын негизинде эч ким соттолууга тийиш эмес. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-13)
