# 119-статья. Мүлккө камак салуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920599..920600>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 119-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-119

---

(1) Жарандык доо жагынан өкүмдүн аткарылышы үчүн башка мүлктүк жаза чараларын же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу максатында прокурор, ошондой эле тергөөчү сот алдында шектүүнүн, айыпталуучунун же мыйзам боюнча алардын аракети үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу адамдардын мүлкүнө прокурордун санкциясы менен камак салат. (2) Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине даректелген ошол мүлккө ээлик кылуудан, ал эми зарыл учурларда пайдаланууга тыюу салуудан, болбосо мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат. (3) Эгерде мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгына жетиштүү негиздер болсо, башка адамдарда турган мүлктөргө да камак салынышы мүмкүн. (4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган соттун чечими боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн Тизмегинде көрсөтүлгөн мүлктөргө камак салынышы мүмкүн эмес. (5) Мүлктөргө камак салууда адис катыша алат. (6) Камак салынган мүлк камак салууну жүргүзгөн адамдын чечими боюнча алынып коюлушу, болбосо мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тууралу эскертилүү менен ал тууралу тиешелүү протоколдо жазуу жүргүзүлүп, менчик ээсине же бул мүлктүн ээлик кылуучусуна, болбосо башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн. (7) Шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон эсепте, аманатта же банктарда же башка кредиттик уюмдарда сакталып турган акча каражаттарына жана баалуулуктарга камак салынганда ошол эсептер боюнча аткарымдар толук же камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын чектеринде жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери соттун, ошондой эле прокурордун, болбосо прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн суроо-талабы боюнча бул акча каражаттары жана башка баалуулуктар тууралу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. (8) Мүлккө камак салууда ушул Кодекстин 184 жана 186-статьяларынын талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Камак салынууга жаткан мүлк жок болсо бул тууралу протоколдо көрсөтүлөт. Протоколдун көчүрмөсү мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат. (9) Мүлккө камак салуу жазык иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун, аныктамасынын негизинде, бул чараны колдонуунун зарылдыгы болбой калганда алынып салынат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы N 42-р чечими

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-118)  
Кийинки берене: [119-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-119-1)
