119-1-статья. Баалуу кагаздарга, алардын сертификаттарына камак салуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоо же кылмыштан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу максаттарында баалуу кагаздарга, болбосо алардын сертификаттарына камак салуу мүлктөрдүн турган жери боюнча же баалуу кагаздардын ээлик кылуучусунун эсептик укугунун жери боюнча, ушул Кодекстин 119-статьясынын талаптарын сактоо менен камак салынат. (2) Акниет сатып алуучудагы аты документте жазылбаган баалуу кагаздар камак салууга жатпайт. (3) Баалуу кагаздарга камак салуунун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) камак салынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, категориясы (тиби) же сериясы;
2) номиналдык наркы;
3) мамлекеттик катталуу номери;
4) баалуу кагаздарды берген же баалуу кагаздарга ээлик кылуучунун укугун каттоону жүзөгө ашырган эмитент, болбосо адамдар тууралу, ошондой эле каттоо жүргүзүлгөн жер тууралу маалыматтар;
5) камак салынган баалуу кагаздарга менчик укугун ырастоочу документ жөнүндө маалыматтар.
(4) Камак салынган баалуу кагаздарды жоюу боюнча, алар боюнча пайдаларды төлөө, аларды конвертирлөө, алмаштыруу же алар менен башка аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби мыйзамда белгиленет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
119-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-119-1" title="119-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>