# 117-статья. Айдап келүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 117-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-117

---

(1) Шектүү, айыпкер, соттолуучу ошондой эле жабырлануучу жана күбө чакырганда жүйөлүү себепсиз келбей койгон учурда, тергөөчүнүн, судьянын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча айдалып келиниши (мажбурлап алып келүү) мүмкүн. Ушул Кодекстин 215-статьясында көрсөтүлгөн жагдайлар келбей коюунун жүйөлүү себептери катары табылат. Чакырган учурда белгиленген мөөнөтүндө келүүгө тоскоол болгон жүйөлүү себептер бар экендиги тууралу шектүү, айыпкер, соттолуучу ошондой эле жабырлануучу жана күбө өздөрүн чакырган органга билдирип коюуга милдеттүү. (2) Айдап келүү жөнүндө токтом (аныктама) шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга ошондой эле күбөгө жана жабырлануучуга жарыяланат, мунун өзү аларды токтомго (аныктамага) кол койдуруу менен күбөлөндүрүлөт. (3) Айдап келүү түнкүсүн жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. (4) Он алты жашка чейинки курактагы жашы жетпегендерди, кош бойлууларды, ошондой эле саламаттыгына байланыштуу турган жеринен келе албаган же ал жерди таштап кете албаган оорулууларды айдап келүүгө болбойт. (5) Айдап келүү алгачкы текшерүү органдары тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-116)  
Кийинки берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-118)
