# 116-статья. Келип туруу жөнүндө колкат алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 116-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-116

---

(1) Шектүү, айыпкер, соттолуучу ошондой эле жабырлануучу же күбө тергөө аракеттерине же соттук териштирүүгө катышуудан четтеши мүмкүн деп болжоого жетиштүү негиз болгон учурда, же чакырган учурда жүйөлүү себепсиз алар келбей коюшканда, бул адамдарды келип турууга милдеттендирип, колкат алынышы мүмкүн. (2) Келип туруу жөнүндө кол койдуруп алуу шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнүн өздөрүнө тергөөчүнүн, соттун чакыруусу боюнча келип турууга жазуу жүзүндө милдеттенме алышын жана өздөрүнүн жашаган жерлеринин өзгөрүшү жөнүндө кабарлашын билдирет.

---

Мурунку берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-115)  
Кийинки берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-117)
