# 115-статья. Процесстик мажбурлоонун башка чараларын колдонуу үчүн негиздер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 115-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-115

---

(1) Жазык иштери боюнча ушул Кодексте каралган тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүү тартибин камсыз кылуу, өкүмдү талаптагыдай аткаруу максатында тергөөчү, сот шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга процесстик мажбурлоонун: келип туруу жөнүндө колкат алуу, айдап келүү, кызматынан убактылуу четтетүү, мүлкүнө камак салуу түрүндөгү чараларын колдонууга укуктуу. (2) Ушул Кодексте каралган учурларда, тергөөчү, сот жабырлануучуга, күбөгө жана процесстин башка катышуучуларына процесстик мажбурлоонун: келип туруу жөнүндө колкат алуу, айдап келүү, акчалай өндүрүп алуу түрүндөгү чараларын колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-114)  
Кийинки берене: [116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-116)
