# 112-статья. Бөгөт коюу чарасын бузуу же өзгөртүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 13.03.2003 [Закон КР от 13 марта 2003 года №61 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1185); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920599..920600>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 112-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-112

---

(1) Андан ары зарылчылыгы болбой калган учурда, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат, же иштин жагдайына жараша андан катураак же андан жеңилирээк чара менен өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын жүйөлөштүрүлгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Камакта кармоо, күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү сот тарабынан же көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча жүргүзүлөт. (2) Бөгөт коюу чарасы төмөндөгү учурларда гана алда канча катаал чара менен алмаштырылышы мүмкүн: эгерде айыпкерге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү статьяларында каралган оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген жаңы айып коюлса; эгерде айыпкер милдеттенмесин бузса же ушул Кодекстин 105-статьясынын биринчи бөлүгүндө же 109-статьясынын алтынчы бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуу жасаса. (3) Соттук чечимдин негизинде тандалып алынган бөгөт коюу чарасы кылмыш иликтөөсү токтотулган, тергөө мөөнөттөрү, амнистия актысын колдонуу узартылбаган учурларда прокурордун макулдугу менен чечим кабыл алган сотко билдирүү менен соттун чечими, тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2003-жылдын 13-мартындагы № 61, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-113)
