# 109-статья. Күрөө

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920604..920608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 109-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-109

---

(1) Күрөө - бул ушул Кодекстин 101-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн аракеттерди айыпкер, соттолуучу жасабай тургандыгынын кепилдиги катары айыпкердин, соттолуучунун өзү же башка бирөө, же уюм атайын эсепке төлөөчү акчалай сумма. (2) Күрөө бөгөт коюу чарасы катары тергөөчү, прокурор тарабынан көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун санкциясы менен же соттун аныктамасы же судьянын токтому боюнча колдонулат. (3) Өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыпталып жаткан адамдарга карата күрөө колдонулбайт, ушул Кодекстин 110-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү бешинчи абзацта каралган учурларды кошпогондо. (4) Күрөөнүн суммасы эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн бир миң өлчөмүнө чейинки чектерде, аталган бөгөт коюу чарасын тандап алган орган тарабынан аныкталат. Күрөөнү колдонуу учурунда ушул Кодекстин 110-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү бешинчи абзацка ылайык анын өлчөмү тиешелүү жазык иши боюнча белгиленген зыяндын үч эселенген өлчөмүнө таянуу менен аныкталат, же болбосо, эгерде зыян белгиленбеген болсо, күрөө кеминде эки миң эсептик көрсөткүчтү түзгөн өлчөмдө аныкталат. (5) Кабыл алынган күрөө жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү күрөө коюучуга тапшырылат. Мында күрөө коюучуга ушул бөгөт коюу чарасы тандалып алынган иштин маңызы жөнүндө жана күрөөнү мамлекеттин пайдасына алып коюу негиздери жөнүндө эскертилүүгө тийиш, ал туурасында протоколдо көрсөтүлөт. (6) Эгерде айыпкер, соттолуучу төмөндөгүлөрдүн бирине жол берсе:

1) тергөөчүнүн, соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себепсиз келбей койсо;

2) тергөөдөн же соттон качса;

3) жазык иши боюнча чындыкты тактоого тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса;

4) кайрадан атайылап жазык жагынан жазалануучу иш жасаса, коюлган күрөө мамлекеттин пайдасына чегерилет.

(7) Ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө саналып өткөн тартип бузуулар жөнүндө тартип бузуунун жагдайларын жана анын жасалгандыгын ырастаган иш жүзүндөгү маалыматтарды баяндоо менен протокол түзүлөт. Протоколго айыпкер, соттолуучу күрөө коюучу жана протоколдо баяндалган фактыларды ырастоочу адамдар кол коюуга тийиш. Айыпкер, соттолуучу көрсөтүлгөн тартип бузууларды сотто иш каралып жатканда жасаган учурда, тартип бузуунун жагдайы сот заседаниесинин протоколунда баяндалат. (8) Эгерде айыпкер, соттолуучу тергөөдөн жана соттон качып жашырынса, протоколго ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар кол коюшат. (9) Күрөөнү кайтаруу же мамлекеттин пайдасына чегерүү жөнүндөгү маселе жазык иши боюнча токтом, аныктама, өкүм чыгарган учурда сот тарабынан чечилет. Тергөөнүн жүрүшүндө жазык иши кыскартылган учурда, күрөөнү кайтарып берүү жөнүндөгү маселе тергөөчү, прокурор тарабынан жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгаруу аркылуу чечилет. (10) Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен алмаштыруу учурунда, эгерде бул шек саналгандын же айыпталгандын талаптагыдай эмес жүрүш-турушу менен байланышпаган болсо, күрөө берүүчүгө күрөө кайра кайтарылат. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-108)  
Кийинки берене: [109-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-109-1)
