# 108-статья. Жашы жетпегенди көз салууга берүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920576..920577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 108-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-108

---

(1) Жашы жетпегенди ата-энесинин, камкорчулардын, көздөөчүлөрдүн же башка ишенимге арзыган адамдардын, ошондой эле атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрүнүн көз салуусуна берүү аталгандардын биринин жашы жетпегендин туура жүрүш-турушун жана анын тергөөчүгө, прокурорго же сотко келип турушун камсыз кылууга жазуу жүзүндө милдеттенме алышын билдирет. (2) Жашы жетпегенди ата-энесинин жана башка адамдардын көз салуусуна берүү алардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча гана мүмкүн болот. (3) Көз салууга алуу жөнүндө кол коюп берген учурда ата-энелер, камкорчулар, көздөөчүлөр, атайын балдар мекемелеринин өкүлдөрү жашы жетпеген күнөөлөнүп жаткан кылмыштын мүнөзү жөнүндө жана көз салууга алуу боюнча алган милдеттенмелерин бузган учурдагы алардын жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет. (4) Жашы жетпегендерди көз салууга алгандар милдеттенмесин аткарбаган учурда, аларга карата ушул Кодекстин 106-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-109)
