# 106-статья. Жеке кепилдик

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2013 года № 109 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920625..920626>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 106-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-106

---

(1) Жеке кепилдик айыпкер, соттолуучу ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарарына ишенимге арзый турган адамдардын кепил боло тургандыгы жөнүндө өздөрүнө жазуу жүзүндө милдеттенме алышын билдирет. Кепил болуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. Мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматты ээлеп турган адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө жеке кепил болуп чыгууга тыюу салынат. (2) Жеке кепилдикти бөгөт коюу чарасы катары тандап алууга кепил болуп жаткандардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жана айыпкердин, соттолуучунун макулдугу менен гана жол берилет. (3) Кепил болгон адам жеке кепилдиги туурасында кол коюп берет, анда өзү кепилге алып жаткан адамга карата коюлуп жаткан күнөөнүн маңызы түшүндүрүлгөндүгүн жана айыпкер, соттолуучу алдын алуу үчүн бул бөгөт коюу чарасы колдонулуп жаткан ишти жасаган учурда, кепил болуп жаткан адамга акчалай айып салына тургандыгы туурасында кепил болуучунун жоопкерчилиги жөнүндө ырастайт. (4) Айыпкер алдын алуу үчүн жеке кепилдик колдонулган аракеттерди жасаган учурда, ар бир кепилге сот тарабынан ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган тартипте эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин акчалай өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн. (КР 2013-жылдын 2-июлундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-105)  
Кийинки берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-107)
