# 104-статья. Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө токтом жана аныктама чыгаруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920576..920577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 104-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-104

---

(1) Бөгөт коюу чараларын тандоо жөнүндө тергөөчү, прокурор, судья жүйөлөштүрүлгөн токтом, ал эми сот - аныктама чыгарат, анда айыпкердин, соттолуучунун аты-жөнү, туулган жылы жана жери, коюлуп жаткан күнөөнүн маңызы, жазык мыйзамынын күнөө коюлуп жаткан статьясы, ага карата тандалган бөгөт коюу чарасынын түрү жана аны тандап алуу үчүн негиздер көрсөтүлөт. (2) Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө тергөөчүнүн токтому айыпкерге колкат алуу менен окуп берилип, көчүрмөсү прокурорго жөнөтүлөт. Бир эле учурда ага ушул Кодекстин 15-главасында каралган бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө чечимге даттануу тартиби түшүндүрүлөт. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-103)  
Кийинки берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-105)
