# 102-статья. Бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 102-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-102

---

(1) Айыпталуучу же соттолуучу тергөөдөн же соттон жашырынып кетет же болбосо күбөгө же жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирет, далилдерди жок кылат, мамлекеттер аралык же эл аралык издөө жарыяланат, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылат же болбосо кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантат деп болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле өкүмдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн тергөөчү, прокурор жана сот өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде бул адамга карата ушул Кодекстин 101-статьясында каралган бөгөт коюу чараларынын бирин колдонууга укуктуу. (2) Кайтарууда кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы адамга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аны кийин өткөрүп берүүнү камсыз кылуу же ушул Кодекстин 435-статьясында каралган тартипте соттун өкүмүн аткаруу максатында колдонулушу мүмкүн. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-101)  
Кийинки берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-103)
