# 101-статья. Бөгөт коюу чаралары жана алардын түрлөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 марта 2004 № 47 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "Об адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1432)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920584..920585>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 101-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-101

---

(1) Жазык иши боюнча тергөө жана териштирүү ишин жүргүзүүдө айыпкердин туура эмес жүрүш-турушуна жол бербөө жана өкүмдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн ага карата колдонулуучу мажбурлоо чаралары бөгөт коюу чаралары деп аталат. (2) Төмөндөгүлөр:

1) эч жакка кетпөө жөнүндө колкат алуу;

2) жеке кепилдик;

3) аскердик бөлүктүн командованиесинин байкоо жүргүзүшүнө берүү;

4) жашы жетпегенди ата-энелеринин же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү;

5) күрөө алуу;

6) үй камагы;

7) камакка алуу бөгөт коюу чараларына кирет.

(КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-100)  
Кийинки берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-102)
