# 1-статья. Жазыктык сот ишинин жүрүшүн аныктоочу мыйзамдар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-1

---

(1) Жазыктык сот иши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Кодекс менен аныкталат. (2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдери жазык-процесстик укуктун курамдык бөлүгү болуп эсептелет жана адамдын жазыктык сот ишинин чөйрөсүндөгү укуктарын жана эркиндиктерин түздөн-түз пайда кылат. (3) Жазыктык сот ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар, аларды ушул Кодекске киргизген шартта колдонулууга тийиш. (4) Кыргыз Республикасында жазыктык сот ишин жүргүзүү чөйрөсүндө адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же төмөндөтүүчү, соттун көз карандысыздыгын жана процесстин талаштуу таризин бузуучу, далилдерге алдын-ала белгиленген күч берүүчү, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, көз карандысыз мамлекеттин эл аралык келишимдеринин жоболоруна карама-каршы келген мыйзамдар жана башка актылар чыгарылбоого тийиш. (5) Жазык иши боюнча сот ишинин жүрүшүндө жарандык же администрациялык укукка ылайык чечилүүгө тийиш болгон маселени кароонун зарылдыгы келип чыкса, ал жарандык же администрациялык тартипте чечилет. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-2)
