# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1394-VII "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароосуз калтыруу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1394-VII "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароосуз калтыруу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1394-VII
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14813/edition/1265105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1394-VII "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароосуз калтыруу жѳнүндѳ" токтому (29.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89958

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 29-июну № 1394-VII “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин кароосуз калтыруу жѳнүндѳ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 2-декабрында кабыл алынган “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири кароосуз калтырылсын.

2. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 41-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылды деп эсептелсин.

Төрага

Н.Т. Шакиев
