# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1240-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1240-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1240-VII
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14750/edition/1261597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89894.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1240-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (08.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89894

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 8-июну № 1240-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 8-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы көйгөйү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында, Борду дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө «Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде, Сары-Чат дарыясынын бассейнинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө «Король Абдулазиз» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө; «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
