# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 1160-VII "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 1160-VII "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1160-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14659/edition/1251517/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 1160-VII "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (10.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89786

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 10-майы № 1160-VII “Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген (2022-жылдын 22-апрелиндеги чыг. № 28-1429) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өздөрүнүн сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгу сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзам долбоорун толуктал иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
