# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1103-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1103-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1103-VII
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14633/edition/1251061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89759.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1103-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (20.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89759

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 20-апрели № 1103-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Ар кандай маселелер; "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Төрага

Н.Т. Шакиев
