# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 16-февралындагы № 974-VII "Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 16-февралындагы № 974-VII "Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 974-VII
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89645>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14523/edition/1231826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89645.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 16-февралындагы № 974-VII "Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу" ТОКТОМУ (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89645

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-февралы № 974-VII Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С.Джаныбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында 2023-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри А.С.Джаныбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- 2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин кабыл алууну тездетсин жана анда бекитилген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылсын;

- 2023-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штаб түзсүн;

- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрдү зарыл болгон көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана сапаттуу үрөндөр, керектүү жабдуулар, тетиктер, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

- алыскы, айрыкча климаттык шарттары оор региондорго өзгөчө көңүл бөлсүн;

- жазгы талаа жумуштарына пайдаланылуучу айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөөнү жана даярдоону тездетсин;

- чарбалар аралык жана ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге карата өз убагында даярдоону камсыз кылсын;

- республиканын ирригациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөөгө багытталган бюджеттик каражаттардын 80 пайызына чейинкисин 2023-жылдын 1-кварталында каржылоону камсыз кылсын;

- "Айыл чарбасын каржылоо-11" долбоорун ишке киргизүүнү тездетсин жана кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү, пайыздык ченди төмөндөтүү жөнүндөгү маселелерди карасын;

- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүү максатында тиешелүү банктар айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2023-жылдын февраль-апрель айларында жеңилдетилген насыя берүүнү камсыз кылсын;

- республиканын бардык областтарында жазгы талаа жумуштарына карага даярдыктын жүрүшү жөнүндө республиканын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен селектордук кеңешмелерди дайыма өткөрүп турсун;

- аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-июнуна чейин маалымат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомунун 3-тиркемесин күчүн жоготту деп таануу сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Н.Т. Шакиев
