# Кыргыз Республикасыынн Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасыынн Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 960-VII
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14504/edition/1251027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасыынн Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 960-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89626

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 9-февралы № 960-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Э.Р. Джусупов – “Ишеним” парламенттик фракциясынан;”;

2) төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“Э.К. Кокулов – “Ынтымак” парламенттик фракциясынан.”.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдѳ бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 906-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кожокулова Гуля Акматкуловна – убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Осмонов Айбек Жапарович, Айдарбеков Чингиз Азаматович төраганын орун басарлары болуп шайлансын.”.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева
