Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 1-февралы № 920-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Элдик" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таштанбеков Акбокон Дукенович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 8-пунктчанын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Таштанбеков Акбокон Дукенович - № 30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Элдик" депутаттык тобунан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н.Сыдыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2022 · № 18-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2025-жылдын 18-декабры № 15-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 15-VIII