# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 931-VII “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 931-VII “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 931-VII
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14489/edition/1229944/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 931-VII “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтому (02.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 2-февралы № 931-VII “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 30-ноябрындагы чыг. № 18-46984) “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен

10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кароо үчүн киргизсин.

Төраганын орун басары Дж.К. Исаева
