# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 855-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 18-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 855-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 18-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 855-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14459/edition/1222646/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-январындагы № 855-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 18-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89577

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 18-январы № 855-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 18-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 18-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратындагы кызматтык кабинеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 461-VII КПҮ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

Төрага

Н.Т. Шакиев
