# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 769-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 769-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 769-VII
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14433/edition/1250731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 769-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Токтому (21.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89551

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 21-декабры № 769-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масалиев Исхак Абсаматович Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

2. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтошев Эмил Токтакунович Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевич Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Социалдык саясат боюнча комитетине киргизилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1. 1-пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Алиев Медербек Кубанычевич - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";

1. 5-пунктчада:

- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"Токтошев Эмиль Токтакунович - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.Азыгалиев
