Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 21-декабры № 769-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масалиев Исхак Абсаматович Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
2. "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтошев Эмил Токтакунович Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Ишеним" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алиев Медербек Кубанычевич Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Социалдык саясат боюнча комитетине киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1. 1-пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Алиев Медербек Кубанычевич - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;";
1. 5-пунктчада:
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Токтошев Эмиль Токтакунович - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Н.Азыгалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2022 · № 18-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2025-жылдын 18-декабры № 15-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 15-VIII