Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2022-жылдын 22-декабры № 783-VII "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 26-октябрындагы чыг. № 18-5777) "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 3,1 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 28770780,8 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 3,1 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 28770780,8 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын дары-дармек каражаттарын сатып алуусун жеңилдетүү, ошондой эле дары-дармек каражаттарына бааларды көзөмөлдөө максатында жана Кыргыз Республикасынын ар бир районунда экиден кем эмес мамлекеттик социалдык дарыканалардын ачылышын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги Программаны иштеп чыксын;
- сатып алынган жогорку техникалык медициналык жабдууларды натыйжалуу пайдалануу максатында ар бир райондон жаш медициналык кызматкерлерди чет өлкөдө милдеттүү түрдө окутууга жана квалификациясын жогорулатууга жыл сайын бюджеттен өзүнчө берене менен финансылык каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Н.Т.Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.