# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 788-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 788-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 788-VII
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14409/edition/1211954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 788-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (22.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89527

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2022-жылдын 22-декабры № 788-VII "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 29-сентябрындагы чыг. № 18-41975) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 10,4 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 96229841,0 миң сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 9,5 пайыз салыштырма салмагы менен жалпысынан 87968859,5 миң сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин профицитинин өлчөмү 8260981,5 миң сом суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т.Шакиев
