# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 685-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 685-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 685-VII
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/89500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-14384/edition/1235882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/89500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 1-декабрындагы № 685-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (01.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/89500

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2022-жылдын 1-декабры № 685-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанова Нилуфар Якубжановна Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ашимова Динара Ашимовна Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта: 2-пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Алимжанова Иилуфар Якубжановна - "Альянс" парламенттик фракциясынан;"; 4-пунктчада:

- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Раимбачаева Винера Калыбековна - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;";

- 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Мамытов Талант Турдумаматович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;".

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О.Сыдыгалиев
